Кыргызча анекдот/апенди: Адвокат


Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?


 

««« мурунку | кийинки »»»


Бул апендиге/окуяга баа бериңиз

эч күлбөдүм 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10  боорум эзилип калды

Баа бергендердин жалпы саны: 48        Орточо баа: 6.04

Акыркы кошулган апенди/окуялар

Беш аял менен ким уктайт?
Уч баштуу ажыдаар
Чал
тест
Карышкыр
Кассап канаада болгон окуя...
Мышык
Алтын цепочка
жиндилер жонундо
апенди
кумурска жонундо
Аялын тамашалаганда
Үч мас
КИЛАРС
Эшмат Ташмат
Азраил
Адеп сабагы
токойдогу окуя
Жигиттин ыры
Жигит пит