««« мурунку | кийинки »»»

Кыргызча анекдот/апенди: Алтын сепочка


Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын сепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.

 

««« мурунку | кийинки »»»


Бул апендиге/окуяга баа бериңиз

эч күлбөдүм 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10  боорум эзилип калды

Баа бергендердин жалпы саны: 1557        Орточо баа: 4.06

Ой пикириңизди калтырыңыз