««« мурунку | кийинки »»»
Кыргызча анекдот/апенди: тун
Түн ичинде Апендинин үйүнө ууру кириптир. Алар колуна тийген көр-жерди алып качып баратышса, Апенди да жууркан-төшөгүн көтөрүп, артынан жөнөп калбайбы.
- Ээй! Сен каякка?! - деп кыйкырышат уурулар.
Анда Апенди:
- Көчүп баратпайбызбы? - деп коёт имиш.
««« мурунку | кийинки »»»
Бул апендиге/окуяга баа бериңиз
Баа бергендердин жалпы саны:
92 Орточо баа:
6.05
Ой пикириңизди калтырыңыз